Benchmarks
View scores and output across OCR models spanning many document categories.
Want to run these evals on your own documents?
Talk to Sales
Мамлекеттик казына облигациялар рыногу
(2014-жылдын сентябрь айы)
1-график. МКО сунушунун жана суроо-талабынын көлөмүнүн жана кирешелүүлүгүнүн динамикасы
Bar chart showing the dynamics of the volume of requests and offers for MKO (State Treasury Bonds) from September 2013 (labeled "нтябрь 2013") to July 2014, along with the average yield (on the right axis).
Legend:
- Суроо-талаптын көлөмү (Demand Volume)
- Сатуунун көлөмү (Sale Volume)
- Айлык орточолук кирешелүүлүгү (Average Monthly Yield) (Line graph)
The chart displays monthly data for Demand Volume (blue bars) and Sale Volume (light blue bars), and the Average Monthly Yield (red line).
Кароого алынган мезгил ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча эки аукцион жана баштапкы рынокто бир кошумча жайгаштыруу ишке ашырылган. МКОнун жарыяланган эмиссиясынын жалпы көлөмү өткөн айдын көрсөткүчүнө салыштырганда 14,8 пайызга төмөндөө менен 512,0 млн. сомду түзгөн. Кароого алынып жаткан мезгил ичинде Финансы министрлиги тарабынан жүгүртүү мөөнөтү 2 жылдык МКОлор гана сунушталган. Жыйынтыгында, рыноктун катышуучулары тарабынан өткөн айдын ушул эле көрсөткүчүнө салыштырганда 19,6 пайызга төмөндөө менен 494,5 млн. сом суммасына баалуу кагаздар сатып алынган. Сатуу көлөмүнүн мындай төмөндөөсү – коммерциялык банктар тарабынан кызыгуусунун бир аз төмөндөөсүнүн натыйжасы. Суроо-талап көлөмү 733,0 млн. сомду түзгөн (-18,6 пайыз). Мында, канааттандырылган суроо-талап деңгээли 1,7 пайыздык пунктка көбөйүп, 45,6 пайызды түзгөн.
Кароого алынып жаткан мезгил ичинде МКО боюнча орточо айлык кирешелүүлүктүн жалпы көрсөткүчү ай ичинде 0,1 пайыздык пунктка төмөндөө менен 14,7 пайыз өлчөмдө түптөлгөн.
2-график. МКОнун суроо талаптын жана сатуунун көлөмдөрдү жана кирешелүүлүгү.
Bar chart showing the volume of 2-year GKO sales and 2-year MKO yield on specific dates in August and September 2014, along with the yield (on the right axis).
Legend:
- ■ 2 жылдык ГКОнун сатуунун көлөмү (2-year GKO Sale Volume)
- ▲ 2 жылдык МКОнун кирешелүүлүгү (Average Yield of 2-year MKO)
The chart displays the volume of 2-year GKO sales (dark bars) and the average yield of 2-year MKO (triangles) for the dates: 08.08.14, 11.08.14*, 22.08.14, 12.09.14, 15.09.14*, and 26.09.14.
■ 2 жылдык ГКОнун сатуунун көлөмү ▲ 2 жылдык МКОнун кирешелүүлүгү (оң шкала)
Жүгүртүүдөгү МКО көлөмү ай ичинде 7,2 млрд. сомго чейин көбөйгөн (+3,1 пайыз). Мында, негизги ээлик кылуучулар – институционалдык инвесторлордун үлүшүнүн 1,9 пайыздык пунктка (53,9 пайызга чейин) төмөндөөсү байкалган. Коммерциялык банктардын салыштырма салмагы, тескерисинче, 1,9 пайыздык пунктка көбөйүп, 46,0 пайыз өлчөмдө түптөлгөн. Юридикалык жактар-резиденттердин салыштырма салмагы мурдагыдай эле, 0,1 пайыз деңгээлде сакталган. Резиденттер эместер байкоого алынган мезгил ичинде аталган баалуу кагаздарды сатып алган эмес.
1